Улуттук банк акча алмаштыруучу жайларга 400 миң сом айыппул салды
Улуттук банк Ош облусунун Кара-Суу районундагы, Ош шаарындагы жана Талас облусунун Манас районундагы акча алмаштыруучу жайларга 400 миң сом айыппул салды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, айыппул төрт кишиге чегерилди. Алардын үчөө лицензиясы жок иштеп жатканы, ал эми бирөө банк мыйзамдарын бузганы аныкталган. Айыппулдар боюнча тартип эрежелери былтыр киргизилген. Ага ылайык жазалар дээрлик он эсе көбөйтүлүп, 100 миң сомдун тегерегинде каралган. Читать дальше...