Ысык-Көлдө бир кап гашиш алып жүргөн киши кармалды
Ысык-Көлдө бир кап гашиш алып жүргөн Х.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Анда айтылгандай, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын Бишкек шаардык бөлүмү буга чейин алынган маалыматтардын негизинде ыкчам-издөө иш-аракеттерин Ысык-Көлдө уланткан. Анын натыйжасында мурда эки жолу соттолгон Х.А. аттуу жарандын жанынан бир кап кочкул-жашыл түстөгү кара куурай жыттанган зат табылган. Ал гашиш экени аныкталып, салмагы 10 кг 100 граммды түзгөн. Читать дальше...