Жээнбеков мектептеги трагедияга байланыштуу Трампка көңүл айтты
Президент Сооронбай Жээнбеков Флориданын Парклэнд шаарындагы мектептеги ок атуудан адамдар көп адамдар курман болгонуна байланыштуу АКШнын президенти Доналд Трампка көңүл айтты. “Кыргызстандын элинин атынан жана өз атымдан трагедияга байланыштуу чын ниетимден көңүл айтам” деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында. Президент Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ошондой эле жабыркагандардын баарына тез сакайып кетишин каалай турганын билдирип коюуну өтүндү. Читать дальше...