Ооганстанда удаа коюлган чабуулдар он адамдын өмүрүн алды
Ооганстандын түштүк ыптасындагы эки жердеги кол салуудан кеминде он киши курман болду. Окуя бүгүн Газни жана Забул провинцияларында болгонун жергиликтүү бийлик билдирет. "Тилекке каршы, сегиз полициячы өлтүрүлүп, дагы бири жарадар болду", деди Газнинин губернаторунун өкүлү Ариф Нори. Ал Дех Як районундагы өткөрмө бекетке "Талибандын" жоочулары кол салганын да айтууда. Алардын арасында да өлгөндөр бар. Азырынча канча киши мерт болгону белгисиз. Талибдердин өкүлү Забихудда Мужахид жоочулар жергиликтүү полициячылардын бирөөнү туткундап... Читать дальше...