Бишкек-Ош унаа жолу бир тарапка убактылуу жабылды
Бишкек-Ош унаа жолу шагыл аралаш таш түшкөнүнө байланыштуу бир тарапка убактылуу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн саат 10:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 398-чакырымында (Аю-Булак тилкеси) көлөмү 1300 м3 кум аралаш шагыл түшүп, унаа жол бир тарапка жабылган. Жолду тазалоого №30 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылды.