Арменияда жаңы президент шайланды
Армениянын парламенти бүгүн Армен Саркисянды президенттикке шайлады. Мурдагы өкмөт башчы, Британиядагы мурдагы элчи, 64 жаштагы Саркисянды 90 депутат колдоп, 10 депутат каршы болду, бирөө арсар добуш берди. Армен Саркисян бул кызматта Серж Саркисяндын ордун басат. Оппозиция "азыркы мамлекет башчы эми премьер-министр болуп бийлигин бекемдейт" деп келатат. Эки саясатчы бири-бирине тууган эмес. Серж Саркисян Армен Саркисянды 19-январда башкаруудагы Республикалык партиянын атынан талапкер кылып көргөзгөн. Читать дальше...