Пентагон Cирияда абадан сокку урбаганын билдирди
АКШ Сириянын Хомс провинциясындагы аба соккусуна тиешеси жоктугун билдирди. Бул тууралуу эл аралык агенттиктер америкалык аткаминерге шилтеме берип кабарлашты. Пентагондун билдирүүсүндө «ал маалда Коргонуу министрлиги Сирияда абадан сокку урган эмес» деп айтылат. Сириянын Хомс шаарындагы аскердик аэродромго абадан сокку урулганы тууралуу 9-апрелдин таңында сириялык маалымат каражаттары кабарлашкан. Алар тараткан маалыматка караганда, Сириянын абадан коргонуу системасы сегиз ракетаны атып түшүргөн. Читать дальше...