Укук коргоочулар Сирияга сокку урууга каршылык билдирүүдө
Кыргызстандык укук коргоочулар Сирияга абадан сокку урууга каршылык билдирип чыгышты. "Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча конгресси" уюмунун координатору, укук коргоочу Турсунбек Акун АКШ, Британия жана Франциянын аракети эл аралык эрежелерге, БУУнун чечимине каршы келерин "Азаттыкка" маалымдады: - Биз үч мамлекеттин аскердик операцияларына каршыбыз. БУУнун Коопсуздук кеңеши муну колдогон жок. Орусия, Кытай вето койду. Ошого карабастан АКШ, Франция, Британия дүйнөлүк коомчулукту укпай туруп сокку баштап отурат. Читать дальше...