Ереван: митингчилерге бир нече аскер кызматкери кошулду
Армениянын баш калаасы Ереванда премьер-министр Серж Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылып, жүрүшкө чыккан демонстранттарга аскердик форма кийген жыйырмадай киши кошулганын "Азаттыктын" армян кызматы кабарлады. Алардын арасында колуна армян желегин көтөргөн подполковник да бар. Аскердик кийим кийгендер кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, аскердик бөлүктө кызмат өтөп жатышканын, "эл менен болууну" чечишкенин айтып беришти. Ереванда бүгүнкү жүрүштөрдөн улам борбордук көчөлөрдүн көбүндө жол кыймылы үзгүлтүккө учурады. Читать дальше...