"Талибан" "жазгы чабуулун" жарыялады
Ооганстанда "Талибан" жазгы чабуулдарын баштай турганын жарыялады. Бул ирет ал чет элдик аскерлерге каршы багыттала турганын билдирүүдө. Акыркы күндөрү эле Ооганстанда согушкерлердин кол салуусунун ондогон карапайым тургун жана аскер мерт болду. Бул быйыл күздө өтө турган шайлоого даярдыктарды татаалдаштырууда.