Сергей Собянин Москванын мэринин шайлоосуна дагы катышат
Москванын мэри Сергей Собянин 9-сентябрда өтө турган шайлоого катышат. Орусиянын баш калаасын 2010-жылдан бери башкарып келе жаткан Собянин бул тууралуу 27-майда расмий сайтында жарыялады. Анда Собянин өз администрациясынын “иштери толук аяктай электигин, ошентсе да, пландалган жумуштун эң кыйыны жана оору артта калганын” белгилеген. Оппозициялык саясатчы Илья Яшин 11-апрель күнү мэр шайлоого катышарын маалымдаган. Анын талапкерлигин оппозиция лидери, жемкорлукка каршы активист Алексей Навальный да колдогон. Читать дальше...