Сырттан Кыргызстанга сөөк жеткирүүнүн жаңы жобосу тууралуу маалымат берилет
Мындай маалымат менен бүгүн Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы журналисттерди тааныштырат. Анда чет мамлекетте жүрүп каза тапкан кыргызстандыктарды мекенине жеткирүүгө бир жолку төлөнүүчү көмөкпул жөнүндө кеңири айтылат. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдады. Мамлекеттик миграция кызматынын буга чейин парламентте берген маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдө каза тапкан мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн берилүүчү кенемте акчаны алуу тартиби жеңилдеген. Читать дальше...