Президенттик балатыга миңден ашуун окуучу катышат
26-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өлкөнүн бардык облустарынанк келген балдар үчүн Жаңы жылдык балаты өтөт. Ага 1100 окуучу чакырылган. Алардын арасында мыкты окугандар, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын, мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)