Тажикстанда коронавируска чалдыккандардын саны 128ге жетти
Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги жекшембиде COVID-19га чалдыккан 52 жаңы бейтап катталганын билдирди. Коңшу өлкөдө илдетке кабылгандардын саны 128ге жетти. Бул тууралуу мамлекеттик телеканалдын кечки программасында учкай гана айтылды. Соңку күндөрү 200 кишиден анализ алынып, үйлөрүнө жиберилгени маалым болду. Тажикстан 15 кишиден корноавирус аныкталганын 30-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун делегациясы келердин алдында жарыялаган. Өлкө бийлиги бул бейтаптардын диагнозу 29-апрелде гана тастыкталганын билдирген. Читать дальше...