Бишкектеги балдар ооруканасынан 7 кишиден коронавирус табылган
Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады. Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун гематология бөлүмүндө буга чейин дарыланып кеткен бейтаптан коронавирус аныкталган. Ал дарыланып чыгып Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна баргандан кийин вирус жугузганы белгилүү болгон. Бул маалыматтан кийин ооруканадагы бардык бардык бейтаптар, оорулууларды карап жаткандар жана медициналык кызматкерлер изилденип, ПЧР тест менен 7 адамда коронавирус бар экени аныкталган. Алар - 2 бала, 3 эне жана 2 медициналык кызматкер. Читать дальше...