Бизнесмен Шаршенбек Абдыкеримовго мандат тапшырылды
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, “АЮ холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробаев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын алышты. 13-майда “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев мандатын тапшырган. Алар жергиликтүү басылмаларга алдыдагы шайлоого даярдануу үчүн ушул кадамга барышканын айткан. 2019-жылы 22-сентябрда Бишкекте партиянын VI съезди өтүп, анда партиянын саясий кеңеши төрагалыкка парламент депутаты Канатбек Исаевди шайлашкан. Читать дальше...