Баткен облустук милициясы: Чечмедеги жаңжалда кыргызстандыктар курал колдонгон эмес
Мындай маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, 31-майда кыргыз-өзбек чек арасындагы булак талаштан чыккан жаңжалда кыргызстандыктар тарабынан бир да курал колдонулган эмес. Өзбекстандын Сох районунун акимчилиги Чечмедеги жаңжалда 187 жаран түрдүү жаракат менен райондук ооруканага кайрылганын, 15 адам оор абалда тик учак менен борбордук ооруканага жеткирилгенин “Озодлик” радиосуна кабарлаган. Райондук оорукананын... Читать дальше...