Гильменддеги чабуулдан 23 адамдын өмүрү кыйылды
Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд провинциясында мал базарды бутага алган чабуулдан кеминде 23 кишинин өмүрү кыйылып, ондогон адамдар жараат алды. 29-июнда урулган артиллериялык соккудан мерт болгондордун арасында өспүрүмдөр да бар экенин провинциянын басма сөз кызматы билдирди. Жергиликтүү бийлик бул чабуул үчүн "Талибан" кыймылын күнөөлөсө, талибдер өкмөттү айыптады. Ооганстандын расмий өкүлдөрү "Талибандын" өткөн айда Орозого карата убактылуу токтогон чабуулдары соңку апталарда кайра күчөгөнүн айтып жатышат. Читать дальше...