Казакстан: COVID-19га чалдыккан миңдей адам расмий статистикага кирген эмес
Казакстанда анализдеринен коронавирус аныкталган миңдей адам ооругандардын саны боюнча расмий статистикага кирбей калган. 3-июндан бери Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус анализинен аныкталса да, оорунун белгилери чыкпаган жарандардын эсебин өзүнчө жүргүзүп жатат. Оорунун белгилери билинбеген адамдардын саны миңден ашат. 6-июнда эле оорунун белгилери билинбеген 357 адам катталган. Министрлик өз алдынча эсептин ачылышы өлкөдөгү реалдуу эпидемиологиялык кырдаалды көрсөтөт деген ишеничте. Читать дальше...