Толкуган Беларус, Тоготпогон Лукашенко
Беларус дээрлик жыйырма күндөн бери тынчыбай жатат. Түмөндөгөн эл президент Александр Лукашенконун отставкасын талап кылууда. Курал кармаган Лукашенко демонстранттарга сөөмөй кезеп турат. Мындай кырдалдан чыгуунун жолу барбы? Кыргызстан менен Казакстан сыяктуу бир катар пост-советтик өлкөлөр Лукашенкону жеңиши менен куттуктап жатканда Евробиримдик Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты. Москва болсо Лукашенкого жардам көрсөтөөрүн кыйытты. Беларус маселесинде эл аралык оюнчулардын, анын ичинде Орусиянын көздөгөнү эмне? Читать дальше...