Кыргызстандын эгемендик алганына 29 жыл болду
Кыргызстан мурдагы СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыздыгын жарыялаганына 29 жыл толду. 31-августта Эгемендик майрамы белгиленет. Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасына өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган. Бул датага байланыштуу жыл сайын Бишкек шаарында жана аймактарда майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул ирет пандемиядан улам баш калаанын Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарага адамдар киргизилбейт. Читать дальше...