Беларустагы акцияда жүздөн ашуун адам кармалды
30-августта Беларустун баш калаасы Минскиде жана башка шаарларда авторитардык лидер Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылып он миңдеген адам нааразылык акциясына чыкты. Баш калаанын Эгемендик аянтынан жүздөн ашуун кишини полиция кармап кетти. Орусиянын «Риа Новости» мамлекеттик агенттиги резиденциясында автомат кармап, ары-бери басып жүргөн Лукашенконун сүрөтүн жарыялады. Бирок сүрөт качан тартылганы белгисиз. Жүрүштүн алдында Ички иштер министрлиги жарандарга уруксатсыз митингге чыкпоону эскертип... Читать дальше...