Ооганстан: музыка жаңырган тойдогу ок атуудан кеминде эки киши каза тапты
Ооганстандын чыгышында өздөрүн талибдер деп тааныштырган куралчан топ үйлөнүү үлпөтүнүн конокторуна ок чыгарып, кеминде эки кишини өлтүрүп, он адамды жарадар кылды. Окуяга тойдо жаңырган музыка себеп болгону айтылды. Күбөлөрдүн бири "Би-Би-Си" кызматына Нангархар провинциясында төрт түгөй биргелешкен үйлөнүү үлпөт той уюштурганын билдирди. Маалыматка караганда, той ээлери жергиликтүү талибдердин лидерлеринен майрам учурунда музыка колдонууга уруксат сурашкан. Музыка аялдар отурган жакта гана жаңырышы керек деген талап коюлган. Читать дальше...