АКШ Кытайга жаңы санкцияларды жарыялады
Америка Кошмо Штаттары Кытайдын Шинжаң аймагында этникалык уйгурлардын укугун бузулуп жатканы үчүн Бээжинге жаңы санкцияларды киргизди. АКШнын Соода министрлиги 16-декабрда жарыялагандай, жаңы санкциялар Кытайдын биотехнология жана чалгын тармактарында иш алып барган фирмаларын бутага алат. Ага ылайык, Кытайдын Медицина изилдөөлөрү боюнча аскердик академиясы, анын фирмалары жана 11 изилдөө институту кара тизмеге киргизилди. Санкцияларга ылайык, бул фирмалардын продукцияларын сатып алууга тыюу салынат. Читать дальше...