Чеченстандын дин башкармалыгы Эрдоганды "эки жүздүүлүккө" айыптады
Чеченстандын Мусулмандар дин башкармалыгы жана Чеченстандын муфтийи Салах Межиев Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды "эки жүздүүлүккө" айыптап, "тиешелүү чараларды" көрөрүн билдирди. Мындай маалымат башкармалыктын сайтында жарыяланды. Буга чейин Түркиянын Керфез шаарында Жохар Дудаевге эстелик коюлуп, анын атындагы парк ачылган. Дудаев өзүлөрүн Ичкерия чечен республикасы деп атап алган жикчил аймактын биринчи башчысы болгон. Бир күн мурда Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров түрк бийлигин террорчуларды калкалып жатканы үчүн айыптаган.