Боомдо жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 17-21-октябрь күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымы (Боом капчыгайы) убактылуу жабыларын билдирди. Бул убакыт аралыгында аталган аймактагы жолдун боюндагы кооптуу таштар түшүрүлүп, тазаланат.
Таш кулатуу учурунда жолдун бир тарабы жабылып, иш саат 9:00дан 15:00кө чейин жүргүзүлөт. 30-40 машине чогулган сайын таш кулатуу убактылуу токтотулуп, машинелер өткөрүлүп турат. Бул иштер таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Кооптуу таштарды кулатуу иштери өткөн аптада Бишкек-Торугарт жолунун 129-чакырымында жүргүзүлгөн.
Бишкекти Ысык-Көл жана Нарын облустары менен байланыштыруучу негизги автожолдун 25 чакырымдайы Боом капчыгайы аркылуу өтөт.(ZKo)