Аба ырайы: айрым аймактарда үшүк жүрөт
![Аба ырайы: айрым аймактарда үшүк жүрөт](https://gdb.rferl.org/7F95BF69-D6BE-4E49-AA69-0E0DE061034D_cx26_cy25_cw67_w800_h450.jpg)
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 14-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде үшүк жүрөт. Түнкүсүн Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16,
Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 13…15° болот.