Чехияда премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылышты
Прагада премьер-министр Андрей Бабиштин кызматтан кетишин талап кылган митинг өттү. “Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысы билдиргендей, ага бир канча миң адам катышты. Алар өкмөт башчыны алдамчылыкка жана коррупцияга байланыштуу айыптап жатышат.
Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары өкмөт башчы баласын коррупция боюнча сурактан жашырып жатканын, кенже-Бабиш аннексияланган Крымга барганын жазышкан.
Мунун алдында премьер-министр Андрей Бабиш уулу Крымга былтыр барганын ырастаган. Ал уулу (анын аты да Андрей Бабиш) Крымга мыйзамдуу түрдө барганын жана аны эч ким уурдабаганын билдирди. Ал психиатриялык жактан жабыркай турганын айтып, андан интервью алган журналисттерди сындаган.
13-ноябрда SeznamZpravy сайты премьер-министрдин баласынын маегин жарыялаган. Анда Андрей Бабиш өз эркине каршы Москвадан Крымга жеткирилгенин айткан. Москва бул маалыматтын чагым экенин билдирген.
Ал эми Чехиянын сенаты Бабишти кызматтан кетүүгө чакырды. Депутаттар палатасы өкмөткө ишеним маселесин келерки жумада карайт.