Порошенко БУУнун Башкы ассамблеясында Орусия тууралуу билдирүү жасады
Орусия аннексиялап алган Крымды өзүнүн ракеталары үчүн старттык аянтчага айлантып жатат. Мындай билдирүүнү Украинанын президенти Петро Порошенко шаршембиде Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын отурумунда жасады. Порошенко жарым аралда 32,5 миңдей орус аскери жана 50 реактивдүү ракета бар экенин тактады. Украин президентинин айтымында, Москва Крымда өзөктүк курал үчүн инфраструктура түзүп койду. Донбасстагы кырдаалды комментарийлеп жатып аймакта куралданган 35 миң орусиялык жикчилдер жана эки миңдей орусиялык аскерлер жүргөнүн кабарлады.