Казакстан чек арадагы кыргыз жарандарын өткөрүүгө макул болду
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул маалыматты ырастап, казак бийлиги дагы эле атайын автобустар менен гана өткөрүүгө макул болуп жатканын билдирди. Учурда маселенин техникалык өңүтү такталып жатканы, адамдар өткөрүлчү так күнү азырынча белгисиз экен маалым болду.
Ошол эле учурда Оренбургдан «Тез Жет» компаниясынын 164 орундуу учагы кош бойлууларды, улгайгандарды, жаш балалууларды жана дарылануу үчүн баргандарды алып, 20-майда учары пландалып жатканын Орусиядагы кыргыз элчилиги маалымдады.
Учурда «Оренбург - Самара» кан жолунун боюнда мекенге кайтууну көздөгөн 470тен ашуун кыргызстандык чатырларда, машинелерде же ачык асман алдында түнөп жатышат. 7-майда Орусиянын Соль-Илецк шаарынан автобус менен 541 кыргызстандык мекенине жеткирилген.