Аалы Молдоканов: “Сталинди “Манастын” арбагы колдогондуктан СССР Германияны жеңген”
Жакында КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы, окумуштуу, тарыхчы жана тилчи Аалы Молдоканов кызыктуу окуяны айтып берди. Анткени Улуу Ата Мекендик согушта “Манастын” арбагы Сталинди колдогондуктан, СССР экинчи дүйнөлүк согушта аскердик, курал-жарак жана техникалык жактан Германиядан бир топ төмөн болсо да жеңип чыккан. Себеби, Сталин кыргыз элинин бул улуу эпосун дайыма урматтап, согуштан мурда эле, 1940-жылдары орус тилинде Москвадан кымбат кагаз менен китеп кылып чыгарган. Дагы бир кызыктуу жагдай, Гитлер деле “Манасты” урматтап, толук маалыматы болгон. Бирок кыргыз элинин баатырын арбагы ага колдоо көрсөткөн эмес. Биз ушул кызыктуу жана ишенүүгө кыйын болгон жагдай тууралуу А.Молдоканов менен кыскача маектештик.
- Аалы агай, Сиз Сталинди “Манастын” арбагы колдоп, СССР Улуу Ата Мекендик согушта Фашисттик Германияны жеңгендигин кантип далилдей аласыз?
- Бул суроого жооп берүүдөн мурда айрым тарыхый фактыларга кайрылып өтөлү. 1941-жылы Москвадан “Манас” эпосу академик Радловдун редакторлугу менен атайын токтомдун негизинде орус тилинде чыгарылгандыгын баарыбыз билебиз. Болгондо да кымбат кагаз менен Союздук деңгээлде китеп чыгаруу мамлекеттин биринчи жетекчилигинин уруксаты болбосо ишке ашмак эмес. Андан мурда деле 1939-жылы Москвада кыргыз искусствосунун биринчи декадасы өтүп, бир нече маданият кызматкерлери Сталиндин кабыл алуусунда болушкан жана Атай баш болгон бир тобу сыйланышкан. Негизи Иосиф Виссарионович адабият, искусствону түшүнгөн, маани берген, барктаган адам болгон. Демек, “Манас” тууралуу толук маалымат болгон. Дагы бир мисал, ошол жылдары ал кездеги Кыргызстандын жетекчиси Ваговго телефон чалып, “Манас” эмне болуп жатат?” деп сураганда тигил “Манастын” жашоосуна баардык шарттарды түзүп, үч комната үй бердик, жолдош Иосиф Виссарионович!”,- деп шашкалактап жооп бергендиги, ошондон кийин кыргыз элинин улуу эпосун билбеген биринчи жетекчини кызматтан алгандыгы эл арасында айтылып жүрбөйбү. Демек, ал кыргыз элинин улуу эпосун жогору баалаган. Ошондуктан “Манастын” арбагы колдогон деп айта алабыз.
- Ал эми улуу эпостун Улуу Ата Мекендик согуш менен кандай байланышы бар?
- Бул суроого да тарыхый далилдүү фактылар менен жооп берейин. Улуу Ата Мекендик согуштагы бурулуш учур же советтик эл жеңип, фашисттердин мизи кайта баштаган учур 1943-жылы Москва алдындагы Волоколамск талаасындагы легендарлуу жердешибиз Иван Панфиловдун 28 баатырын эрдигинен башталат. Ал эми панфиловчулар жалаң кыргызстандыктар жана казакстандыктар менен түзүлгөндүгү белгилүү. Бул жерде да фашисттердин мизин кайтарса бир канында баатырдык дух бар, жоокер, майтарылгыс, тарыхта далай душмандарынын ташын талкан кылган кыргыздар гана жеңе алат деп, Сталин башында турган аскер жетекчилеринин атайын көрсөтмөсү боюнча түзүлгөндүгү да айтылып жүрөт. Ал тургай ошол 1943-жылы Сталиндин буйругу менен Панфиловдун дивизиясынын духун көтөрүү үчүн айтылуу манасчы Саякбай Каралаевди, Сайра Кийизбаеваны жана башка белгилүү кыргыз искусство өкүлдөрүн Волокаламск талаасына алпарып, Манас айттырганы, ырдатканы деле чындык болсо да көп айтылбай жүрөт. Эмне үчүн панфиловчуларга башка ырчылар барып ырдашкан эмес? Себеби Сталин баш болуп жоокерлердин духун, баатырдык сезимин “Манас”, анын арбагы гана көтөрүп, колдой тургандыгын эске алышкан.
- Бирок Гитлердин “Манасты” билгендиги жана анын арбагынан колдоого табууга аракет кылгандыгына кандай фактылар бар?
- Өткөн жылы белгилүү тилчи К.Юдахиндин 125 жылдыгы белгиленбедиби. Ошондо мен атайын тапшырма боюнча анын архивин изилдеп жатып, кызыктуу жагдайга туш болдум. Анда 1965-жылы ал кездеги Илимдер Академиясынын жетекчиси Болот Юнусалиевге бир француз окумуштуусу жиберген эмгек бар экен. Ал Германиянын архивинен “Манас” тууралуу маалыматтарды таап, кийин жибериптир. Гитлер немистерди арийлердин тукумунан чыккан деп эсептегендиги да чындык. Мындан тышкары өзүнүн атайын экспедициясын Тибетке жиберип, ал ыйык жайдын сырдуу касиетин иликтеген жана андан колдоо табууга аракет кылган. Кыскасы, Гитлер да ырым-жырымга, магияга ишенген. Ал эми Тибетте биздин Алтайдан барган түпкү туугандарыбыз бар. Андыктан кыргыз элинин улуу эпосу “Манасты” да изилдеп, колдоосуна ээ болууга аракет кылган деп божомолдоого болот. “Манас” тууралуу материалдар Германиянын архивине кантип түшүп калгандыгы эле изилдей турган чоң тема болуп саналат. Менин буюрса, бул жагдайды терең иликтеп чыгуу ниетим бар. Кыскасы, “Манастын” арабагы Сталинди колдоп, советтик эл экинчи дүйнөлүк согушта теңдешсиз душманын жеңген деп айта алам.
Маектешкен Эмилбек Момунов.