АКШнын өкүлү Өзбекстандагы реформаларды кубаттады
АКШнын соода министри Уилбур Росс өзбек өкмөтүнүн демократиялык реформаларга ынтаа коюшун кубаттады. Ал АКШ менен Өзбекстан эки тараптуу тыгыз кызматташтык жүргүзүшү зарыл экенин белгиледи. Росс Борбор Азиядагы сапарынын алкагында 23-октябрда Өзбекстандын президенти менен сүйлөшүү жүргүзүп, АКШ менен Өзбекстандын соода палаталарынын бизнес-форумунда сөз сүйлөдү. Министрдин “мен Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан саясий жана демократиялык реформаларды колдойм” деп форумда айткан сөзүн АКШ элчилиги өз сайтына жайгаштырды. Читать дальше...