Римде авария болгон эскалатордо 30 адам жабыркады
Италиянын борбору Рим шаарындагы метронун эскалатору авария болуп, 30 адам жабыркады. Алардын көбү орусиялык футбол күйөрмандары. Италиялык ANSA агенттиги кабарлагандай, бир адам өтө оор абалда. Анын буту катуу жабыркаганын "La Repubblica" гезити жазды. Дагы сегиз киши олуттуу жараат алган. Ал эми "РИА Новости" агенттиги Орусиянын Италиядагы элчилигине таянып, жабыркаган 30 адамдын арасынан жети кишинин абалы оор, беш адамдыкы орточо экенин жазды. ANSA агенттиги 23-октябрда "Республика"... Читать дальше...