Азамат Жаманкулов маданият министри кызматына сунушталды
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Азамат Жаманкуловдун талапкерлигин сунуштады. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы "Азаттыкка" бышыктады. Азамат Жаманкулов ушул кезге дейре министрдин орун басары жана мекеменин алдындагы Туризм департаментин жетекчиси болуп иштеп келген. Мурдагы министр Султан Жумагулов быйыл 8-октябрда 59 жашында көз жумду. Ал акыркы убакта онкологиялык дарттан жабыркап жүргөн.