Путин: Коронавирус кыпчактардай эле жеңилет
Орусия чет өлкөлөрдө калган жарандарын кайтара баштады.
Орусия чет өлкөлөрдө калган жарандарын кайтара баштады.
«Эл үнүнө» кайрылгандардын көбү аралыктан окутуунун көйгөйлөрүн көтөрүштү. Айрыкча айыл жериндегилер Интернетке жетпей жатканын, жарактуу телефон жоктугун айтышууда. Москвада, Дубайда мекенге жете албай жаткан мигранттардын кайрылуусуна да орун беребиз.
20-марттан бүгүнкү күнгө чейин чартердик рейстер аркылуу чет өлкөдөн 4769 кыргызстандык мекенине алынып келди. Учурда Түркияда 360, Дубайда 300 кыргыз жараны келе албай жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кабарлады. Анын айтымында, сырттагы мекендештерди алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. «Биз тышта жүргөн бардык жарандарыбыз боюнча так маалыматтарыбыз бар, элчиликтер катуу иштеп жатышат. Болгон аракеттерди көрүп жатабыз», - деди Боронов. Ушул күндөрү Орусиядагы... Читать дальше...
Ирандын президенти Эл аралык Валюта Фондунан каржылык жардам сурап, насыяны бөлүштүрүүдө дискриминацияга жол бербөөгө чакырды.
Киевдин мэри, бокс боюнча дүйнө чемпиону болгон Виталий Кличко карантин учурунда изоляцияда отурбай, спорт аянтчаларына шашкандарды сынга алды. «Эгер спортчулар вирустан корголгом деп ойлосо, андай эмес. Укмуш формасын жоготуп алуудан чочулагандар эрежени тоготпоо менен саламаттыгынан эле эмес, өмүрүнөн да ажырап каларын түшүнүшү керек. Вирустан жабыркаган киевдиктердин көбү жаш же орто курактагылар. Башкача айтканда шаардын белдүү жарандары», – деди Кличко. 8-апрелге карата Украинада коронавирус жуккандар 1700 кишиге жетти. Читать дальше...
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, өзгөчө абал киргизилген бардык шаарларда, райондордо Мамлекеттик каттоо кызматы көрсөткөн бардык кызматтардын иши 31-марттан абал турукташканга чейин токтотулду. Тактап айтканда, калкты тейлөө борборлору (ЦОН), автоунаа каражаттарын каттоо, почта кызматтары, архивдик кызматтар убактылуу иштебейт. Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланып, бир катар чектөөлөр киргизилген. (TSh)
2010-жылдагы 7-апрель революциясына 10 жыл болду.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдан медициналык ар кандай каражаттарды, буюмдарды ташып келүүнү каалаган ишканаларды жана жеке менчик компанияларды бул мамлекеттин талаптарын сактоого чакырды. Тышкы саясат мекемесинин маалыматына ылайык, 1-апрелден тартып сыртка ташылган медициналык товарларга көзөмөл кылуу максатында, Кытайдын тийиштүү органдары медициналык жүктү экспорттоого кошумча талаптарды киргизишти. Тактап айтканда, коронавирусту аныктоочу экспресс-тест, беткап, коргоочу кийимдер... Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин 8-апрелдеги губернаторлор менен жыйын өткөрүү учурунда коронавируска каршы жаңы жардам чараларын сунуш кылды. Ага ылайык, медицина кызматкерлерине үч ай кошумча акы төлөнөт. Тактап айтканда, коронавирус жуккандар менен түз иштеген дарыгердин айлыгына 80 миң рубль кошулат. Андан тышкары иш милдеттерине карай башка саламаттык сакчыларынын айлыгы 25-50 миң рублга көтөрүлөт. Ошондой эле ишкерликти колдош үчүн өкмөткө кошумча чараларды иштеп чыгуу тапшырылды. Путин... Читать дальше...
Европа Биримдиги коронавируска байланыштуу киргизилген чараларды жумшартууну караштырууда. Пандемиянын айынан шаркеттеги мамлекеттердин экономикасы бир топ запкы тартты.
8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕӨРБ) вице-президенти Алан Пиллу менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташуунун жакынкы келечекке карата багыттары, анын ичинде коронавирус инфекциясына каршы биргелешип күрөшүү чараларын талкуулады. Аталган банктын өкүлү жеке секторго, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн гигиена, жеке коргонуу каражаттарын өндүргөн ишканаларга колдоо көрсөтүү жана жеңилдетилген каржылоо варианттары каралып жатканын маалымдады. Читать дальше...
Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган дарыгерлердин саны 30дан ашты. 100дөн ашык медицина кызматкери обсервацияда жатат.
Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди. Анын айтымында, Нарында алгачкы болуп коронавирус табылган, Пакистандан дааваттан келген киши тиешелүү чектөөлөрдү бузуп, санитардык эрежелерди сактабай жаткандыктан чара көрүү зарылдыгы келип чыккан. Иш Жазык кодексинин 280-беренеси («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал киши учурда изоляцияда болгондугуна байланыштуу тергөө иштери ал сакайгандан кийин башталат. Читать дальше...
Коронавирус кризисине чейин Чехиянын баш калаасына саякаттап келгендердин аягы үзүлчү эмес. Тарых жыттанган кууш көчөлөр менен көпүрөлөрдө эл жык-жыйма басып жүрчү. Ушул тапта чек ара жабылып, көчөдө баскандар беткап кийип жүрүүгө милдеттүү. Эркин Европа/Азаттык радиосунун сүрөтчүсү Амос Чаппл өзгөчө абал өкүм сүргөн шаардын элесин бергенге аракеттенди.
Коронавирус кризисине чейин Чехиянын баш калаасына саякаттап келгендердин аягы үзүлчү эмес. Тарых жыттанган кууш көчөлөр менен көпүрөлөрдө эл жык-жыйма басып жүрчү. Ушул тапта чек ара жабылып, көчөдө баскандар беткап кийип жүрүүгө милдеттүү. Эркин Европа/Азаттык радиосунун сүрөтчүсү Амос Чаппл өзгөчө абал өкүм сүргөн шаардын элесин бергенге аракеттенди.
Чүй облусунда жазгы талаа иштери 94% жыйынтыкталды. Бул тууралуу 8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда облус башчысы Алтынбек Намазалиев билдирди. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн айтымында, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү фонунда жазгы талаа иштерин өз маалында жүргүзүүгө бардык күч жумшалган. Намазалиев бүгүнкү күндө облуста калктын социалдык аялуу катмарына, муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү жана аймакта азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Читать дальше...
Кыргызстанда 8-апрелге карата коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны 270 адамга жетти. Төрт адам каза болду. Учурда 32 медкызматкер COVID-19 вирусун жугузуп алганы белгилүү болду. Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо боюнча аракеттерден кандай майнап чыгууда? Өлкөдө бийлик, жарандар дагы эмнеге көңүл бурушу керек? Талкууга саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева жана "Бикард" клиникасынын башкы дарыгери Дамир Осмонов катышты.
Өзгөчө абалга байланыштуу ачылган эсептерге келип түшкөн акчанын суммасы 110 млн. сомго чамалады. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өлкөдө 2 эсеп ачылган. Биринчиси элдин аярлуу катмарын камсыз кылуу максатында көрсөтүлүп жаткан жардамды координациялаш үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган. 8-апрелге карата бул эсепке акчалай түрдө 6 млн. 484 миң сом түштү. Экинчиси - коронавируска каршы күрөшүү максатында Финансы министрлигинин карамагындагы атайын депозиттик эсеп. Читать дальше...
Коронавирус жугузуп алган британ премьер-министри Борис Жонсон экинчи түнүн реанимацияда өткөрдү.
Ошто коронавирус жугузуп алганын билип туруп, аны жашырган деген шек менен бир адамга кылмыш иши козголду. Бул Кыргызстанда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу боюнча козголгон биринчи кылмыш иши.
Талас облусуна Талды-Булак (Конезавод) айылынан киргендер кан тапшырып, анализи таза чыккан соң гана киргизилет. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талас шаардык кеңешинин төрагасы Адылбек Жусупбеков билдирди. Таласка киргендердин автоунаалары да, өзүлөрү да дезинфекциялоочу жабдуудан өтүүдө. Талас облусуна Таласта каттоодо турган жүргүнчүлөр жана транзиттик жүк ташуучу унаалар гана киргизилип жатат. Облуска жалпысынан вирусту аныктоочу беш миң тест-система алынып келген. Вирусту аныктай турган анализдин жыйынтыгы 1,5-2 саатта чыгат. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар шартында өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатып ооруга чалдыккан дарыгерлерге жана медицина мекемелеринин кызматкерлерине 200 миң сом төлөнөт. Эгер оорудан көз жумса алардын үй-бүлөсүнө 1 млн. сом акчалай компенсация берүү жагы чечилди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 8-апрелдеги брифингде маалымдады. «Дарыгерлер апрель айында айлык акысын жана үстөк төлөмдөрүн мөөнөтүндө алышат», - деп кошумчалады Кубатбек Боронов. Анын айтымында, март айына кошумча каралган төлөмдөр чындыгында кармалууда.
9-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жана кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү мекенине кайтууга жардам сурап жаткан сырттагы мигранттарына кайрылып, коронавирустун активдүү фазасы аяктаганча жолго чыкпай турууга чакырды. Бул тууралуу 8-апрелдеги басма сөз жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Ошону менен катар ал өкмөт тышта жүргөн жарандарын алып келиш үчүн колдон келишинче аракет кылып жатканын айтты: «Сырттагы жарандар боюнча кабарыбыз бар. Саны да бар. Мисалы, Түркияда, Дубайда, Орусияда биздин жарандар келебиз дегендер бар. Читать дальше...
АКШ Орусия футбол чемпионатын өткөрүү үчүн пара бергенин айтып чыкты.
103news.com — информационный сайт, транслирующий новости города Вашего города онлайн. Всё, что происходило и происходит в городе — в оперативной ленте ежедневных новостей в интерактивном режиме на сайте 103news.com.
Самые свежие новости Вашего города, а также полный архив ежедневных событий города с аналитикой, комментариями и прямыми ссылками на источники информации. Местные городские, авторитетные региональные и популярные федеральные новостные агентства и телеканалы — в одной ленте новостей, упорядоченные по времени публикации и с обязательным указанием первоисточника информации. Ничего лишнего. Всё о чём говорят, пишут в газетах и блогах, показывают по телевизору и транслируют в интернете — из первых рук.
103news.com — самый полный календарь значимых и не очень событий Вашего города, в Вашем городе и о Вашем городе вчера, сегодня и прямо сейчас — от пользователей нашего сайта в режиме онлайн. А также — актуальные статьи и мировые новости.
Если же Вы проживаете в городе Вашем городе или у Вас есть просто интересная информация о городе и горожанах мы всегда рады разместить её на нашем портале с указанием в публикации Вашего авторства. Пишите нам на электронный адрес: mail@29ru.net. Создайте свой блог и, если он будет интересен, то Вы получите совершенно бесплатно баннер и прямую ссылку на него, размещённую на всех страницах региональных интернет-ресурсов нашей веб-группы, а это — более 1 000 000 просмотров в месяц.
103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.
Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости