Коменданттык сааттын убактысы Ошто да өзгөртүлдү
Ош шаарында жана Кара-Суу, Ноокат райондорунда коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлдү. Эми бул аймактарда 16-апрелден тартып 21:00дөн таңкы саат 6га чейин коменданттык саат киргизилет. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов кол койду. Мунун алдында Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда коменданттык сааттын убактысы 21:00дөн таңкы саат 6га чейин деп белгиленген. Бул убакта көчөдө жөө адамдар да, машине да жүрбөшү керек. Буга чейин коменданттык саат 20:00 - 7:00 аралыгында болчу. Читать дальше...