Орусияда ооругандар бир күндө көбөйдү
Дүйнө жүзүндө коронавирустан ажал тапкандардын саны 150 миңден ашты. Бул оору жалпысынан 2,3 миллион адамдан аныкталды.
Дүйнө жүзүндө коронавирустан ажал тапкандардын саны 150 миңден ашты. Бул оору жалпысынан 2,3 миллион адамдан аныкталды.
19-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы менен Польшадан сегиз медициналык кызматкерден турган топ келди. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты. Польшалык дарыгерлер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жергиликтүү дарыгерлерге көмөк көрсөтүшөт. Коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга Кытайдан жана Польшадан дарыгерлер келе турганы айтылган. Өкмөт Кытайдан 15 адис келет деп кабарлаган. (TSh)
Израилде премьер-министр Биньямин Нетаньяху өлкөсү акырындап карантинден чыга баштарын билдирди. Ага ылайык, ишкана-мекемелерде буга чейин жамааттын 15 пайызы гана жумушка келиши керек болсо, эми 30 пайызга чейин көбөйөт. Ошондой эле электроника, китеп, кагаз-калем жана чарба буюмдарын саткан дүкөндөр ачылат. Андан сырткары коомдук транспорттор каттай баштайт, көчөлөрдө, коомдук жайларда спорт менен алектенүүгө уруксат берилет. "Жоопкерчилигин көрсөткөндөрдүн, күн-түн дебей алдыда жүргөн дарыгерлердин... Читать дальше...
Британияда Дүйнөлүк экинчи согуштун ардагери, 99 жаштагы Том Мур дарыгерлерге акча топтоо акциясын улантып жатат жана 19-апрелге карата 23 миллион доллар чогулганы белгилүү болду. Жашы 100гө таяган карыя өсмөдөн дарылаган британ Улуттук саламаттык сактоо кызматына (NHS) ыраазычылык билдирүү максатында жана анын жаңы вирус менен күрөшүүдөгү мээнет-түйшүгүн сыйлап акча чогултуу акциясын 6-апрелде баштаган. Анда үйүнүн короосун чыгырыктын жардамы менен айланып, марафон баштаган. Башында короону 100 жолу айланып... Читать дальше...
Кошмо Штаттары Гонконгдо өткөн жылдагы өкмөткө каршы нааразылык акцияларынан улам демократиячыл 14 активисттин камалганын айыптады. Мамлекеттик катчы Майк Помпео бул Бээжин Лондондон бул шаарды өзүнүн карамагына алып жатканда берген убада-милдеттенмесине каршы келерин айтты: "Бээжин жана анын Гонконгдогу өкүлдөрү Кытай-Британ биргелешкен декларациясындагы милдеттенмелерге жат иш-аракеттерин улантып жатат". Гонконгдогу демократиячыл активисттердин камалышына байланыштуу Британия да үн катты. Өлкөнүн... Читать дальше...
Орусияда 15-июнга чейин чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзам бузуулар үчүн административдик чара колдонулбайт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу 18-апрелде жарыяланган жарлыгында көрсөтүлгөн. Жарлыкка ылайык патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүнө байланышкан милдеттүү узартуулар 15-марттан 15-июнга чейин убактылуу токтотулду. Читать дальше...
19-апрелде Кыргызстандагы православдар Пасха майрамын белгилеп жатышат. Адатта бул күнү православдар чиркөөгө келип, чокунуп, шам жакса, быйыл карантинден улам бул жөрөлгөлөрүн жасашкан жок. Бирок алардын ар бири үйүндө майрамга өз алдынча даярданып, салтка ылайык тамак-аштарын жасады.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Аксы районунун Кербен шаарында 35 жаштагы аялдын өлүмү боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлады. Милициянын маалыматына ылайык, 18-апрель күнү Кербен шаарында келинди өз үйүндө кайниси бычак менен ичке сайып качып кеткен. Келин ооруканага жетпей каза болгон. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 138-беренеси (“Ден соолукка оор зыян келтирүү”) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Шектүү кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Читать дальше...
Ирандын президенти Хасан Роухани коронавирус коркунучунан улам абактардан убактылуу бошотулгандарга дагы бир ай эркиндик берди. Ал 19-апрелдеги кайрылуусунда муну оорунун жайылышынын алдын алуу аракети менен түшүндүрдү. "Коомго коркунуч жаратпаган соттолуучулардын эркиндиктеги мөөнөтү 20-майга чейин узарды" деди Роухани. Иранда мындан туура бир ай мурун 85 миң адам абактан убактылуу бир айга чыгарылган болчу. Алардын 10 миңдейи мунапыс алган. Иран президенти мечиттер менен башка диний жайлар дагы эки апта жабык болорун билдирди... Читать дальше...
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (13-19-апрель, 2020-жыл).
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Арашан айылында посттон өтөм деп ок чыгаргандар боюнча териштирүү башталганын кабарлады. Милициянын маалыматына ылайык, 18-апрель күнү түшкө жуук бир нече квадроцикл айдаган 10 чакты киши Арашан айылында жайгашкан посттон өтүүгө аракет кылышкан. Жергиликтүү тургундар, ыктыярчылар аларды өткөрбөй койгондуктан ортодо чыр чыгып, посттон өтүүнү каалагандар ок атып, туш тарапка качып кетишкен. Аламүдүн районунун ички иштер нөөмөт бөлүмүнө чыр боюнча маалымат кечинде түшкөн. Читать дальше...
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бир нече мамлекеттин дипломатиялык мекемелери менен сүйлөшүү жүргүзүп, 14-18-апрель күндөрү 32 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Алар Индонезия (Бали), Тайланд (Бангкок) жана Вьетнамдагы кыргыз жарандары. Кыргызстандыктар казак өкмөтү уюштурган чартердик учак менен келишкен. Казакстандын аймагында эки күн кармалып, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте атайын транспорт менен Бишкекке келишти. Читать дальше...
Жогорку Кеңеш коронавирустун жайылышынын алдын алуудагы даярдыктын начардыгы боюнча жоопкерчиликти кароо маселесин көтөрдү.
Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасынан 10 бейтап айыгып чыкты, алардын бирөө эпидемиолог. Баткенде COVID-19 вирусун биринчи болуп жуктурган дарыгер да сакайып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты. 19-апрель күнү эртең менен Саламаттык сактоо министрлиги илдет аныкталгандардын ичинен үч бейтап сакайып чыканын маалымдаган. Республика боюнча жалпысынан 143 киши бул ооруну жеңип чыкты. 19-апрелде Кыргызстанда СOVID-19 илдети дагы 48 кишиден табылды. Жалпы республика боюнча... Читать дальше...
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Оттава менен Вашингтон чек арасын дагы 30 күн ачпай туруу жөнүндө макулдашканын билдирди. Аталган эки өлкөнүн ортосундагы каттамга өткөн айда чектөө киргизилген жана анын мөөнөтү келе жаткан жумада аяктамак. Коронавирус пандемиясына чейин Канада менен АКШнын чек арасынан күнүнө 200 миңге чукул адам өтүп турган. Канадада өпкөнү сезгенткен жаңы вирус 31 миңден ашык адамдан аныкталды, оорудан 1300дөй киши көз жумду. Буга чейин ооругандардын көбү АКШга барып келгендер... Читать дальше...
Орусияда соңку бир күндүн ичинде өпкөнү сезгенткен илдет 6060 адамдан аныкталды жана бул оору катталгандан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Ооругандардын саны 42 800дөн ашты. Бир күндө 48 адам көз жумду, ошентип өлгөндөрдүн саны 362 киши болду. COVID-19дан 3300дөй адам айыгып чыкты. Өлкөнүн ыкчам штабы оору жугузуп алганы жаңы аныкталган адамдардын жарымында илдеттин белгилери болбогонун маалымдады. Москва шаарында бир жуманын ичинде коронавируска кабылган учурлар 2,5 эсе көбөйдү. Орусияда... Читать дальше...
Пакистанда бийлик коронавирус коркунучунан улам мечиттерди Рамазан айында жабууга каршы чыккан дин аалымдарын колдоду. Өкмөт аралыкты кармоо өңдүү айрым бир сактык чаралары көрүлүшү керектигин эскертти. Буга чейин Пакистанда карантинден улам бир мечитте бештен ашык адам болбошу керек деген чектөө киргизилген. Бирок мындай чектөөгө баш бербеген ашынган динчилдер жума намазына барып жатышкан. Соңку маалымат боюнча бул өлкөдө коронавирус сегиз миңге чукул адамдан аныкталды. Пакистанды бир катар... Читать дальше...
Кыргызстанда дин жаатын тескеген укуктук-ченемдик актыларды кабыл алуу бир канча жылдан бери кечеңдеп жатат.
Орусиянын Чехиядагы элчилиги Прага шаарындагы Немцов атындагы аянттагы дарегин мындан ары документ алышып-беришүүдө көрсөтпөй турганын билдирди. Бул тууралуу алар чех бийлигине кабарлашты. Ага ылайык, элчиликтин башкы имараты ошол аянтта эле калат, бирок расмий документтерде юридикалык дареги катары Коруновачни көчөсүндөгү консулдук бөлүмүнүн дареги жазылат. Элчилик юридикалык дарегин алмаштырган себеби тууралуу эч кандай комментарий берген жок. Ушул жылдын февраль айында Орусиянын Прага шаарындагы... Читать дальше...
Грек-рим күрөшү боюнча Пекин Олимпиадасынын күмүш медаль ээси Канат Бегалиев атамекендик спортту өнүктүрүү үчүн аты чыккан, ардагер спортчуларды да улуттук курама командалардын катарына тартуу керектигин айтты.
Орусияда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 40 миңге чукулдап калды. 300дөн ашуун адам каза тапты. Бейтаптардын көбөйүшү дарыгерлердин түйшүгүн эселеп көбөйттү. “Настоящее Время” телеканалы Москва менен Санкт-Петербургдагы айрым медиктер жана бейтаптар менен баарлашты.
Ооганстандан, Сириядан жана Эритреядан чогулган 47 бала 18-апрелде Германияга баш калка издеп келишти. Алар буга чейин Грекиядагы качкындар лагеринде отурушкан. Расмий маалыматтарга ылайык, жеткинчектер Афинадан Ганновер аэропортуна учак менен жеткирилди, бирок аларды эч ким коштоп келген жок. Айрымдарын мурда Германияга келген ата-энелери тосуп алышты. Ички иштер министри журналисттерге билдиргендей, баары медициналык текшерүүдөн өттү, эми эки жума карантинде болушат. Тышкы иштер министри... Читать дальше...
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин аталган өлкөдөн 300дөн ашык орундуу учак менен 211 гана кыргызстандык келип калганы үчүн айрым саясатчыларды, партияларды айыптаган билдирүүсүнө айрым жарандар нааразычылыгын айтып чыгышты. Алардын бири, Түркиядан ошол учак менен кайтып келген Салтанат Бекбаатырова элчилик кыргызстандыктарды мекенине алып келүүдө эч кандай аракет кылбаганын, тизме түзүүдө шалаакылык орун алганын айтты: “Ошол жакта элчинин ордуна түрктөр чуркап жүрдү. Майыптарга атайын араба даярдашы керек болчу... Читать дальше...
Өзбекстандын Республикалык атайын комиссиясынын чечими менен коронавируска байланыштуу карантин режими 10-майга чейин узартылды. Мартта кабыл алынган алгачкы чектөөлөр 20-апрелде соңуна чыкмак. Өлкөнүн баш калаасы Ташкентке башка аймактардан автоунаа каттамына тыюу салынган. 6-апрелден тартып бир катар шаар-кыштактар обочого алынган. Себепсиз көчөгө чыккандарга, беткап тагынбай жүргөндөргө административдик жаза каралган. Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы адам 15-мартта аныкталган. Читать дальше...
Орус балыкчыларынын кемесин Арктикада Норвегиянын коргоо кызматы колго түшүргөнү үчүн Москва Ослого нааразылык билдирди. Орусиянын "Борей" деген кемеси 2-апрелде Норвегияга таандык Шпицберген архипелагына жакын жерде кармалган. Кеме Норвегиянын балык уулоого тыюу салынган аймагында колго түшкөнүн Осло расмий кабарлаган. Бирок Орусия муну четке кагып, мыйзамсыз экенин белгилөөдө. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Норвегия балык уулоого тыюу салынган аймактарды бетке кармап... Читать дальше...
103news.com — информационный сайт, транслирующий новости города Вашего города онлайн. Всё, что происходило и происходит в городе — в оперативной ленте ежедневных новостей в интерактивном режиме на сайте 103news.com.
Самые свежие новости Вашего города, а также полный архив ежедневных событий города с аналитикой, комментариями и прямыми ссылками на источники информации. Местные городские, авторитетные региональные и популярные федеральные новостные агентства и телеканалы — в одной ленте новостей, упорядоченные по времени публикации и с обязательным указанием первоисточника информации. Ничего лишнего. Всё о чём говорят, пишут в газетах и блогах, показывают по телевизору и транслируют в интернете — из первых рук.
103news.com — самый полный календарь значимых и не очень событий Вашего города, в Вашем городе и о Вашем городе вчера, сегодня и прямо сейчас — от пользователей нашего сайта в режиме онлайн. А также — актуальные статьи и мировые новости.
Если же Вы проживаете в городе Вашем городе или у Вас есть просто интересная информация о городе и горожанах мы всегда рады разместить её на нашем портале с указанием в публикации Вашего авторства. Пишите нам на электронный адрес: mail@29ru.net. Создайте свой блог и, если он будет интересен, то Вы получите совершенно бесплатно баннер и прямую ссылку на него, размещённую на всех страницах региональных интернет-ресурсов нашей веб-группы, а это — более 1 000 000 просмотров в месяц.
103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.
Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости