Казакстанда акыркы суткада 450 адамдан коронавирус аныкталды
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 1-июнга карата берген маалыматына ылайык, акыркы суткада 450 адамдан коронавирус аныкталды. Бул мурунку күнгө салыштырмалуу 26 адамга аз. 184 адам оорудан сакайды. Жалпы өлкөдө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 11 308 адамга жетти. Оорудан айыккандардын саны - 5404 адам. Акыркы суткада үч киши коронавирус жуккандан кийин көз жумган. Жалпы илдеттен көз жумгандардын саны - 41 киши. 29-май күнү саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов коронавирустун жайылышы басаңдап... Читать дальше...