БШК «Бүтүн Кыргызстанды» каттаган жок
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. БШКнын 3-сентябрдагы жыйынында жумушчу топ аталган партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, “Бүтүн Кыргызстанды” каттабоо жөнүндө сунуш берген. «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров БШКны «саясий чечим чыгарды» деп сындады. БШК 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоодон өткөрдү.