«Реформа» партиясы БШКнын «Бүтүн Кыргызстанды» каттабай койгонун сындады
«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова «Бүтүн Кыргызстан» партиясын БШК каттоодон өткөрбөй койгонуна байланыштуу билдирүү таратты. Социалдык тармактар аркылуу тараган билдирүүдө БШКнын негизги функциясы шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды жана мыйзамдуулуктун кепилдиктерин камсыз кылуу экени белгиленген. «БШК 2020-жылдын 2-сентябрында өткөн жыйынында Турсунбай Бакир уулунун «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартканы жөнүндө билдирүүсүн канааттандырган жок... Читать дальше...