Беларуста Tut.by сайтына тыюу салынганы кабарланды
Беларуста көз карандысыз Tut.by жаңылык сайты бийлик үч айга тыюу салганын жазып чыкты. Маалыматка караганда, Беларустун Маалымат министрлиги сайтты 1-октябрдан тартып үч айга маалымат каражаты деген макамдан ажыраткан. Tyt.by маалымат каражаты деген макамы жок деле интернет-ресурс катар ишмердигин уланта берерин жарыялады. Бирок бул сайттын кабарчылары, сүрөтчүлөрү үчүн жаңы чектөөлөргө негиз болушу мүмкүн. Бул маалыматты Беларустун расмий бийлиги азырынча ырастай элек. Беларуста 9-августтагы... Читать дальше...