Экс-министр Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин камалды
Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин камалды. Биринчи Май райондук соту мындай чечимди 17-сентябрда кечке жуук чыгарды. Сот чечимине ылайык, Чолпонбаев Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Анын жакындары да бул маалыматты бышыкташты. Чолпонбаев "кызматта турганда шалаакылык кылган жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган" деген шек менен 15-сентябрда кармалган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Саламаттык... Читать дальше...