Беларус: ЭЕ/АҮнүн штаттан тышкаркы кабарчысы жана анын атасы 15 күнгө камалышты
Беларус соту Эркин Европа / Азаттык үналгысынын (ЭЕ/АҮ) Беларус кызматынын штаттан тышкаркы кабарчысы, сүрөтчү-жасалгалоочу Елизавета Гончарова (беларусча: “Лиза Ханчарова”) айымды жана анын атасы Александр Гончаровду өткөн аптада уруксатсыз нааразылык жыйынына катышкан деген доо боюнча айыптуу деп таап, ар бирин 15 күнгө камоого өкүм кылды. Минск шаарынын Борбордук райондук соту 15-мартта экөөнү тең 13-мартта уруксат берилбеген митингге катышкан деген доо боюнча айыптуу деп тапты. Экөө тең доону четке кагып... Читать дальше...