Украина Крымда концерт койгон 23 ырчыга кылмыш ишин козгоду
Украинанын прокуратурасы Крым көпүрөсүнүн ачылыш аземиндеги концертке катышкан орусиялык 23 ырчыга кылмыш ишин козгоду. Аларга Украинадагы жарым аралдын аймагына мыйзамсыз кирген деген айып тагылууда. Прокуратура артисттердин аты-жөнүн ачык жарыялаган жок. Бирок украиналык Strana.ua. жана "Крым үнү" сыяктуу басылмалар концертке катышкандардын тизмесин жарыялады. Алардын арасында Григорий Лепс, Пелагея, Александр Маршал, Денис Майданов, Ольга Кормухина, Александр Буйнов, Дима Билан, Олег Газманов... Читать дальше...