БУУнун чабарманы Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн жаңы формат түзүүнү сунуштады
Сириядагы жарандык согуштун башталганына 10 жыл толду. Кийинчерээк террордук уюмдар да аралашып кеткен оппозиция менен бийликтин куралдуу кагылышуусу жүз миңдеген адамдын өмүрүн кыйып, миллиондогон адам качкынга айланды. Бул датаны утурлай Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча чабарманы Гейр Педерсен жаңжалды жөнгө салуу үчүн “жаңы эл аралык формат” түзүүнү сунуштады. Педерсен 15-мартта БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги онлайн брифингде сүйлөп жатып, жаңы форматка АКШ, Орусия, Иран, Түркия, Евробиримдик... Читать дальше...