Навальный санаалаштарын күрөштү улантууга чакырды
Орусияда оппозициялык саясатчы Алексей Навальный абактан кат жазып, өзүнүн фондунун кызматкерлерин жана үзөңгүлөштөрүн коррупцияга каршы күрөштү улантууга чакырды. “Ив Роше” иши боюнча соттолуп, Владимир облусундагы колонияда отурган оппозициячынын кол жазмасын “Медуза” сайты жарыялады. Навальный жакында өткөн шайлоого баасын берип, “Акылдуу добуш берүү” системасы “Бирдиктүү Орусия” партиясын “талкалаганын” айтты. Саясатчы басым-кысымга карабай командасынын инфраструктурасын сактап калгандыгы үчүн санаалаштарына ыраазычылыгын билдирди. Читать дальше...