Өзбекстандын Жогорку соту Каракалпакстандагы башаламандыктарга айыпталып камалган сегиз кишини бошотту. Аларга 4-5 жылдан камак жазасы чегерилгенин, бирок тергөө абагында отурган күндөрүн эске алуу менен сот залынан бошотулганын kun.uz сайты жазды. Ал эми башкы айыпталуучулардын бири саналган активист Даулетмурат Тажимуратов баштаган сегиз кишинин арызы канааттандырылган жок. Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июнда кечинде Ленин району боюнча ат салышкан дагы бир депутаттыкка талапкер Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарды. 2-июнда БШКнын дарегине УКМКнын Бишкек башкармалыгынан талапкер Улан Сариев шайлоо процессинде бир катар мыйзам бузууларды жасаган деген маалымат келип түшкөн. Атап айтканда ал шайлоочулардын добуштарын сатып алды, муниципалдык кызматчыны жана аймактык коомдук башкаруучу кызматкерди үгүт иштерине тартты, административдик ресурс пайдаланды, шайлоо фондунда... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Санариптик өнүктүрүү министрлигинин "Инфоком" кызматынын башкармалык жетекчисин IT жабдууларды сатып алууда казынага 57 млн. сом зыян келтирген деген шек менен камакка алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалым болгондой, кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Мамлекеттик каттоо кызматы үчүн жабдууларды сатып алууда алардын баасы жогорулатылганы аныкталды. Кылмышка шектелип "Инфокомдун" жооптуу кызматкери Т.Э.Б. кармалды. Читать дальше...
Тажикстандын Хатлон облусундагы Шамсиддин Шохин районунда "окуучу кыздарга жыныстык ыдык көрсөткөн" деген шек менен орто мектептин директору кармалды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып кабарлады. Маалыматка караганда, жогорку класстын эки окуучусу директор аларга ыдык көрсөткөн деп даттанган. Директор учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) райондук бөлүмүндө камакта отурат. Директордун жакындары буга комментарий берүүдөн баш тартып, анын күнөөсү жоктугун белгилеп жатышат.
Бүгүн, 5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунан депутаттыкка талапкер болгон Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева билдирди. Маалыматка караганда, Ниязалиева шайлоочулардын добуштарын сатып алууга аракет жасады деген бир нече билдирүү БШКга келип түшкөн. Бүгүнкү жыйында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чынарбек Майлыбеков талапкер тарабынан... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев «Азаттык» радиосунун жабылышына, "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзамга каршы экенин "Азаттыкка" берген эксклюзивдүү интервьюсунда айтты. Эл өкүлү парламенттеги оппозициянын ролу, депутат Адахан Мадумаровдун иши, талаштуу мыйзам долбоорлору, Министрлер кабинетинин аткарган иштери тууралуу суроолорго жооп берди.
Бүгүн, 5-июнда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Түркиянын саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик ооруканалар боюнча башкы дирекциясынын бөлүм башчысы Мустафа Ташкын баштаган делегацияны кабыл алды. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектеги Кыргыз-Түрк мамлекеттик ооруканасынын базасында адам органдарын трансплантациялоо операцияларын уюштуруу маселеси талкууланды. Сүйлөшүүдө Түркияда бул жаатта операциялар ийгиликтүү жасалары айтылды, Кыргызстанда органдарды... Читать дальше...
Ооганстандын түндүгүндө башталгыч мектептерде ондогон кыздар ууланды. Жергиликтүү аткаминерлер бул атайын жасалганын билдирип жатышат. Окуя Сари Пул провинциясынын Сангчарак аймагында болгонун, Обе Кабуд мектебинде 60 кыз, Файзабад мектебинде 20дан ашуун кыз ууланганын "Азаттыктын" ооган кызматы 5-июнда жазды. Жергиликтүү бийликтин маданият жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Мухаммад Умар Сарипули муну тастыктады. Уулангандардын арасында төрт мугалим, бир окуучу кыздын тууганы жана жана мектепте иштеген бир жумушчу да бар. Читать дальше...
Бишкекте бүгүн, 4-июнда жыйынтыкталган Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште Кыргызстандын эркин күрөш балбандары үч алтын, эки күмүш жана төрт коло байгеге ээ болушту. “Бишкек Арена” спорт комплексинде өткөн таймаштарда алтын медалдарды Алмаз Сманбеков, Тайырбек Жумашбек уулу жана Орозобек Токтомамбетов тагынды. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло, грек-рим күрөшүнөн Бексултан Махмудов (97 кг)... Читать дальше...
Президенттин алдындагы инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиевдин Өзбекстанга сапарынын алкагында коңшулардын ишкерлери Кыргызстандагы ар түрдүү долбоорлорго болжол менен 70 млн. доллар инвестиция салууга даяр экендиги маалым болду. Ал Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугуп, жылдын аягына чейин ишке ашыруу зарыл болгон келишимдердин аткарылышын талкуулашкан. Быйыл 26-январда Бишкекте "Кыргызстан -Өзбекстан" бизнес-форумунун... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети көп сандагы вебкам студияларды уюштурган деген негизде Д.А. аттуу кыргыз жараны Өзбекстандын аймагынан кармалганын 5-июнда билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматтагы Д.А. деген инициал Даниел Ажиевге туура келет. Мекеме анын кармалган учурдагы сүрөтүн да жарыялады. Маалыматка караганда, буга чейин Э.А. аттуу жарандын арызынын негизинде Ажиев жетектеген "трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган". Вебкам студияларынын... Читать дальше...
Өзбекстанда президенттикке талапкерлердин үгүт иштери 7-июнда башталат. Дүйшөмбү күнү Борбордук шайлоо комиссиясы 9-июлда боло турган шайлоодо ат салыша тургандарды каттап, бир айлык үгүт датасын жарыялады. Өзбекстандын президенттигине Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев талапкер болушту. Үгүт иштеринин жүрүшүндө жалпыга маалымдоо... Читать дальше...
5-6-июнда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тажикстанга расмий сапар менен барат. Орус дипломаты бул өлкөнүн тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана президенит Эмомали Рахмон менен жолугушууну пландап жатат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Дүйшөмбү Орусиянын тышкы иштер министри өлкөгө эки күндүк сапар менен келерин тастыктады, башка кеңири маалымат берген жок. Сергей Лавровдун Тажикстанга сапары Орусияда соңку эки аптадан бери полиция рейддерди жүргүзүп... Читать дальше...
5-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докертини кабыл алды. Министрликтин маалыматы боюнча, жолугушууда тараптар кыргыз-британ кызматташтыгын талкуулашты. Жээнбек Кулубаев Улуу Британия менен соода-экономикалык кызматташтыктын, анын ичинде инвестицияны тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар маданий-гуманитардык, өзгөчө билим берүү, ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү керектигин белгилешти. Читать дальше...
Башкы прокуратура 5-июнда Бишкек-Кара-Балта жолун куруу учурунда казынадан 104 миллион сом уурдалганын билдирди. Маалыматка караганда, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырып жаткан "Бишкек -Кара-Балта авто жолун реконструкциялоо" долбоорунун алкагындагы иштердин көлөмүн текшерилген. Анын натыйжасында көчөгө жарык бере турган 450 темир мамы, 36 парапет, эки аялдама, темир торлор, асфальт бетону жана башка мүлктөр жетишсиз болуп чыккан. Ошондой эле асфальт жука төшөлгөнү аныкталды. Читать дальше...
Жекшембиде Орусиянын ар кайсы шаарларында түрмөдөгү оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акцияларда кеминде 100 киши кармалганын "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоору кабарлады. 4-июнда түрмөдө 47 жашка чыккан Навальныйга колдоо иретинде дүйнөнүн ондогон шаарында акциялар өттү. Навальный учурда Владимир облусунун Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө тогуз жылдык жазасын өтөп отурат.
Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия 5-июнда алгачкы отурумга чогулду. Анда комиссиянын жетекчисин шайлоого байланыштуу маселе гана каралганын “Азаттыкка” депутат Гуля Кожокулова билдирди. Анын айтымында, башкы прокурордун сунуштамасы комиссия мүчөлөрүнүн колуна бүгүн гана тийди. Комиссияга жетекчи болуп депутат Динара Ашимова шайланды. “Шаршемби күнү улантабыз. Сунуштама колубузга эми гана тийди. Читать дальше...
Казакстандын инфраструктурасы орус газын Өзбекстанга жеткирүүгө 2024-жылдын күз-кыш ммезгилинде даяр болот. Энергетика министри Алмасадам Саткалиев билдиргендей, өлкө аркылуу өткөрүлө турган газдын көлөмүн жана баасын Ташкент "Газпром" менен талкуулап жатат. Буга чейин Саткалиев Казакстандын аймагы аркылуу Өзбекстанга орус газын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр "кыйла конструктивдүү маанайда жүрүп жатканын" айткан. Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов орус газын жеткирүүнүн коммерциялык... Читать дальше...
5-июнда Бишкекте Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры Дооронбек Садырбаевдин эстелиги ачылды. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касманбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, депутаттар Адахан Мадумаров, Мирлан Самыйкожо, Нуржигит Кадырбеков, Акылбек Түмөнбаев, Бакыт Үсөнов, ошондой эле парламенттин экс-спикери Медеткан Шеримкулов баштаган бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты. Читать дальше...
“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзамды өзгөртүүгө сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбооруна эксперттик талдоо жүргүздү. Талдоонун жыйынтыгы 5-июнда жарыяланды. Анда бул долбоор Орусиядагы “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамга сөзмө-сөз окшош экени, орусиялык бийликтин бул демилгеси дүйнөлүк эл аралык укук коргоо уюмдарынын сынына кабылып келе жатканы, “агент” деген сөздү “өкүл” деп алмаштырып коюудан анын мыйзамсыз мааниси өчүп калбай турганы, себеби кеп мамлекеттик... Читать дальше...
Кыргызстанда кызылча (корь) оорусу соңку бир айда эки эсе көбөйдү. “Азаттыкка” Республикалык иммунопрофилактика борборунан 5-июнда кабарлашкандай, бүгүнкү күнгө карата бул илдетке чалдыккандар 559га жетти. Бир ай мурда жыл башынан берки көрсөткүч 265 бейтап болчу. Ал эми былтыр бир жыл ичинде бир гана бейтап катталганы расмий маалымдалган. Ооруп жаткандардын көбү балдар – 187си бирге чыга элек ымыркайлар, 234ү бир жаштан төрт жашка чейинкилер. Адистердин айтымында, ооруп жаткандардын көбү эмделбегендер. Читать дальше...
Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы машиналардын узун тыгыны пайда болгонун бышыктады. Аны Кыргызстандан башка мамлекеттерге айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту көбөйгөнү менен түшүндүрдү. Башка өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатканын, узун кезек жоктугун кошумчалады. Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйында депутат Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрүү бекетинде дагы жүк ташыган машиналардын тыгыны азайбай жатканын айтып, "Кичи-Капка" чек ара бекетин ачууну сунуштаган. Читать дальше...
Кыргызстанда “бийликти басып алууга аракет жасаган” деген шек менен бир топ киши кармалганын бүгүн, 5-июнда күч органдарындагы булактарга таянып бир катар ЖМКлар кабарлашты. Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери азыркы саатка карата он чакты кишини кармаган. Атайын кызмат бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек. Интернетте тараган тасмада аскер кийимчен, куралчан кызматкерлер көчөдө автомашинадан жана турак үйлөрдүн биринде адамдарды кармап... Читать дальше...
Орусиянын чыгыш таануучусу, Хакас элинин тарыхчы окумуштуусу жана педагогу, тарых илиминин доктору, профессор Виктор Бутанаев 2023-жылы 5-июнунда таңга маал Абакан шаарында жүрөгү кармап каза болду. Ал 77 жашта болчу. Бутанаев Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2002), Хакасия Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2006) эле. Ал "теңир-тоолук кыргыздар менен хакастар Эне-Сай Кыргыз каганатын негиздеген орто кылымдардагы кыргыздардын орток урпактары" деген илимий пикирдин ырааттуу жактоочусу болгон. Читать дальше...
103news.com — информационный сайт, транслирующий новости города Вашего города онлайн. Всё, что происходило и происходит в городе — в оперативной ленте ежедневных новостей в интерактивном режиме на сайте 103news.com.
Самые свежие новости Вашего города, а также полный архив ежедневных событий города с аналитикой, комментариями и прямыми ссылками на источники информации. Местные городские, авторитетные региональные и популярные федеральные новостные агентства и телеканалы — в одной ленте новостей, упорядоченные по времени публикации и с обязательным указанием первоисточника информации. Ничего лишнего. Всё о чём говорят, пишут в газетах и блогах, показывают по телевизору и транслируют в интернете — из первых рук.
103news.com — самый полный календарь значимых и не очень событий Вашего города, в Вашем городе и о Вашем городе вчера, сегодня и прямо сейчас — от пользователей нашего сайта в режиме онлайн. А также — актуальные статьи и мировые новости.
Если же Вы проживаете в городе Вашем городе или у Вас есть просто интересная информация о городе и горожанах мы всегда рады разместить её на нашем портале с указанием в публикации Вашего авторства. Пишите нам на электронный адрес: mail@29ru.net. Создайте свой блог и, если он будет интересен, то Вы получите совершенно бесплатно баннер и прямую ссылку на него, размещённую на всех страницах региональных интернет-ресурсов нашей веб-группы, а это — более 1 000 000 просмотров в месяц.
103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.
Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости