Катардын эмири мамлекеттик сапар менен Бишкекке келет
Кыргызстанга 6-7-июнь күндөрү Катардын эмири шейх Тамим бен Хамад Аль мамлекеттик сапар менен келет. Ички иштер министрлиги бул күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте иштерин, коомдук коопсуздукту камсыздоого үч миңдей кызматкер тартыларын кабарлады. Ошондой эле айрым жолдор маал-маалы менен жабылып турарын эскертти. Тышкы иштер министрлиги бул сапар тууралуу азырынча толук маалымат тарата элек. Буга чейин Катардын эмири 5-6-июнь күндөрү Өзбекстанда болору маалымдалган. Президент Садыр Жапаров... Читать дальше...