Алматы: Кыргызстандык ишкерди камоого эмне себеп болду?
Казакстандын Алматы шаарындагы "Алтын Орда" базарынын директорунун орун басары, кыргызстандык Эрмек Маркабаев эки айга камакка алынды. Ага сатуу максатында баңгизатын мыйзамсыз алып жүргөн жана курал-жарак менен жардыргыч заттарды мыйзамсыз алган деген айып тагылганы айтылууда. Соцтармактардын колдонуучулары кыргыз ишкер атайлап тузакка түшүрүлгөнүн айтып жатышат. Жыл башында президент Касым-Жомарт Токаев "Алтын Орда" базары жөнүндө сөз кылып жатып, аталган базардын "каймагын" жегендерге чара көрүлөрүн кесе айткан. Читать дальше...