Ак илбирc - улуу тоонун куту
![Ак илбирc - улуу тоонун куту](https://gdb.rferl.org/ade78b2d-7af3-47ca-bce9-19b2b0f7abfd_tv_w800_h450.jpg)
Бишкекте 22-октябрдан тартып илбирсти коргоо боюнча декада башталды. Анын алкагында 23-октябрда Бишкек гуманитардык университетинде флэшмоб уюштурулду. Жыл сайын 23-октябрда жаныбардын бул түрү байырлаган он эки мамлекет Эл аралык илбирс күнүн белгилеп келет. Ак илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган.